Жолдоштор, сиздерге кабыл алынып, мага билдирилген план боюнча, биздин бүгүнкү аңгемебиздин темасы — мамлекет жөнүндөгу маселе болуп саналат. Мен сиздердин бул маселе менен канчалык тааныш экениңиздерди билбеймин. Эгерде мен жаңылбасам, сиздердин курсуңуздар жаңы эле ачылып, сиздерге бул маселеге системалуу түрдө биринчи жолу киришүүгө туура келип отурат. Эгерде бул ушундай болсо, менин бул кыйын маселе жөнүндөгү биринчи лекцияны жетишерлик түрдө ачык баяндай албай калышым жана угуучулардын көпчүлүгү аны жетишерлик түрдө ачык түшүнө албай калышы өтө мүмкүн. Ал эми бул мына ушундай болуп чыкса, анда менин сиздерден сурарым, буга көңүлсүздөнбөңүздөр, себеби мамлекет жөнүндөгү маселе — эң татаал, эң кыйын жана буржуазиялык окумуштуулар, жазуучулар жана философтор тарабынан эң эле чаташтырылган маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан бир эле жолку кыскача аңгемеде бул маселени толук билүүгө болот деп эч качан үмүт кылбоо керек. Бул жөнүндөгү биринчи аңгемеден кийин, түшүнүксүз же ачык жерлерине экинчи, үчүнчү жана төртүнчү жолу кайрылуу үчун, түшүнүксүз болуп калган жерлерди окуп алуу аркылуу болсун, ошондой эле айрым лекциялар менен аңгемелер аркылуу болсун, андан ары толуктоо жана айкындоо үчүн аларды белгилеп алуу керек. Биз бул жөнүндө дагы бир жолу чогула алабыз деп ишенемин, мына ошондо бардык кошумча маселелер боюнча пикир алышууга жана өтө түшүнүксүз болуп калгандарды текшерүүгө мүмкүн болор. Ошону менен катар, сиздер уккан аңгемелерге жана лекцияларга кошумча кылып, Маркс менен Энгельстин эч болбогондо эң башкы чыгармаларынын кээ бирлерин окуп чыгууга белгилүү убактыңыздарды арнайсыздар деп ишенемин. Сиздердеги китепканада советтик жана партиялык мектептердин окуучуларына берилген адабият көрсөткүчүнөн жана окуу куралдарынан,— сиздер бул башка чыгармаларды шексиз таба тургандыгыңыздара күмөн жок, мында да баяндалышынын кыйыядыгы кээ бирөөлөрдү адегенде чочутуп жибериши да мүмкүн,— мындан көңүлсүздөнүүгө болбой тургандыгын, биринчи жолу окуганда түшүнүксүз болгон жерин кайталап окуганда, же сиздер маселеге кийинчерээк бир канча башка жагынан киришкениңиздерде түшүнүктүү боло тургандыгын кайрадан дагы эскертип кетүү керек, анткени бул абдан татаал маселе экендигин жана муну буржуазиялык окумуштуулар менен жазуучулар абдан чаташтыргандыгын, бул маселени олуттуу түрдө ойлоп чыгууну жана өз алдынча өздөштүрүүнү каалаган ар бир кишиге аны ачык жана бекем түшүнүү үчүн ага бир нече жолу киришүү, ага улам-улам кайрылуу, ал маселени ар бир жагынан ойлоо зарыл экендигин дагы кайталап айтамын. Бул маселеге кайрылуу сиздерге эң жеңил болот, анткени бул маселе — бүткүл саясаттын негизги, түпкү маселеси, анткени азыр биз башыбыздан өткөруп жаткандай дүркүрөгөн, революциялык убакытта гана эмес, ошондой эле эң тынчтык убакыттарда да сиздер күн сайын ар кандай экономикалык же саясий маселе боюнча ар кайсы газетадан мамлекет деген эмне, анын мазмуну эмнеде, анын мааниси эмнеде жана биздин партиянын, капитализмди кулатуу үчүн күрөшүп жаткан партиянын, коммунисттер партиясынын мамилеси кандай, мамлекетке карата болгон анын мамилеси кандай деген суроого дайыма жолугасыздар,— сиздер бул же тигил себептер боюнча бул маселеге күн сайын туш келесиздер. Мында эң эле негизгиси, сиздер окуунун натыйжасында, мамлекет жөнүндөгү аңгемелер менен лекцияларды угуунун натыйжасында, бул маселеге сиздер өз алдынча кирише билүүгө жетишүүңүздөр керек, анткени өтө ар түрдүү шылтоолор боюнча, ар бир майда маселе боюнча, эң эле күтүлбөгөн учурларда, каршы адамдар менен аңгемелешкенде жана айтышканда бул маселе сиздерге кездешет. Сиздер бул маселе боюнча өз алдынча тушүнө билүүнү үйрөнгөн убакта гана,— ошондо гана сиздер өзүңүздөрдүн ишеничиңиздерди жетишерлик бекем деп, жана аны кимдин алдында болсо да, качан болсо да жетишерлик ийгилик менен жактай аламын деп эсептей аласыздар.
Бул кичинекей эскертүүлөрдөн кийин мен мамлекет деген эмне, ал кандайча келип чыккан жана капитализмди толук кулатуу үчүн күрөшүп жаткан жумушчу табынын партиясынын — коммунисттер партиясынын мамлекетке болгон мамилеси негизинен кандай болууга тийиш деген маселенин өзүнө өтөмүн.
Буржуазиялык илимдин, философиянын, юриспруденциянын, саясий экономиканын жана публицистиканын өкүлдөрү тарабынан биле туруп же билбестен эле өтө чаташтырылган, мамлекет жөнүндөгү маселе сыяктуу башка бир маселе табыла койбос, деп мен жогоруда айткан элем. Бул маселени ушул убакка чейин көп учурларда дин маселелери менен чаташтырышат, дин илимдеринин өкүлдөрү гана эмес (алардан болсо муну толук күтүүгө болот), өзүн диний жөрөлгөлөрдөн тазамын деп жүргөн адамдар да кеп учурларда мамлекет жөнүндөгү атайын маселени дин жөнүндөгү маселелер менен чаташтырышат да, мамлекет кудайга таандык бир нерсе, табияттан жогору турган нерсе, бул, адам баласы ошону менен жашаган жана адамдын өзүнөн болбостон, ага сырттан берилген же бериле турган, өзү менен бирге алып келе турган каядайдыр бир күч, бул — түбүндө кудайга таандык күч деген илимди,— көбүнчө идеялык философиялык жол менен ык жасаган жана негиздеген татаал илимди түзүүгө аракет кылышат. Бул илим эксплуатациялоочу таптардын — помещиктер менен капиталисттердин — таламдарыиа абдан тыгыз байланышкандыгын, — алардын таламдарына кызмат кылгандыгын буржуазиялык өкүл господиндердин бардык адаттарына, бардык көз караштарына, бүткүл илимге абдан терең сиңгендигин айтуу керек, анын калдыктарын сиздер кадам шилтеген сайын, меньшевиктер менен эсерлердин мамлекетке болгон көз караштарынан да жолуктурасыздар, ал эми меньшевиктер менен эсерлер болсо динчил жөрөлгөлөргө өздөрүнүн көз ка- ранды экендигин такыр эле моюндарына алышпайт да, мамлекетке туура көз карай алабыз деп ишенишет. Бул маселенин ушунчалык чаташтырылгандыгынын жана татаалдаштырылгандыгынын себеби мына мында: бул маселе, кандайдыр бир башка маселеге караганда, үстөмдүк кылуучу таптардын таламдарын көбүрөөк козгойт (бул жагынан экономикалык илимдин негиздеринен гана калат). Мамлекет жөнүндөгү илим коомдук привилегияларды актоо үчүн, эксплуатадиянын жашашын актоо үчүн, капитализмдин жашашын актоо үчүн кызмат кылат, — мына ошондуктан бул маселеде калыс болууну күтүү, илим көз карашында турабыз деп доомат кылуучу адамдар бул жерде сиздерге нагыз илим көз карашын бере алат деп ойлоп иш кылуу,— эң чоң каталык болуп саналат. Бул маселе менен таанышып жана аны жетиштүү даражада түшүнгөндөн кийин мамлекет жөнүндөгү маселеде, мамлекет жөнүндөгү илимде, мамлекет жөнүндөгү теорияда сиздер ар түрдүү таптардын өз ара күрөшүн дайыма көрөсүздөр, мамлекет жөнүндөгү көз караштардын күрөшүнөн, мамлекеттин ролун жана маанисин баалоодон көрүнө жана билине турган күрөштү дайыма көрөсүздөр.
Бул маселеге эң илимий жол менен киришүү үчүн мамлекеттин кандайча пайда болгондугун жана кантип енүккөндүгүн тарыхый жагынан анча-мынча көз жүгүртүп өтүү жолу менен болсо да, карап чыгышыбыз керек. Коомдук илим маселесиндеги эң ишенимдүү нерсе жана маселеге туура киришүүгө чындап үйрөнүп алып толуп жаткан майда маселелердин же күрөшүп жаткан эбегейсиз көп түрдүү пикирлердин ичинде адашпас үчүн зарыл болгон нерсе,— бул маселеге илимий көз караш менен киришүү үчүн эң маанилүү нерсе, бул — негизги тарыхый байланышты унутпоо болот, ар бир маселеге, бул белгилүү кубулуш тарыхта кандайча пайда болгон деп, бул кубулуш өзүнүн өнүгүшүндө кандай негизги этаптарды өткөн деп кароо жана анын ушул өнүгүшүнүн көз карашы жагынан алганда ал нерсеэми эмне болуп калган деп кароо болот.
Мамлекет жөнүндөгү маселе боюнча Энгельстин «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» деген чыгармасы менен сиздер таанышарсыздар деп мен үмүт кылам. Бул — азыркы кездеги социализмдин негизги чыгармаларынын бири, андагы ар бир фразага ишенич менен кароого боло турган чыгарма анткени бул чыгармадагы ар бир фраза туш келди эле айтылбастан, эң зор тарыхый жана саясий материалдын негизинде жазылган. Бул чыгармада бардык эле бөлүктөрү бирдей оңой, түшүнүктүү баяндалбагандыгында шек жок: кайсы бир бөлүктөрү тарыхый жана экономикалык маселелер боюнча белгилүү билими бар окуучуну талап кылат. Бирок эгерде бул чыгарма окуган замат эле түшүнүктүү болбосо, буга карап көңүлсүздөнүү жарабай тургандыгын дагы айтамын. Эч бир адам эч качан дээрлик бир окуганда эле түшүнүп ала койбойт. Бирок буга кызыгып калгандан кийин, аны кайра окуганда, бүт болбосо да, көпчүлүгүн түшүнүн аласыздар. Бул китеп жөнүндө эскертип отурганымдын себеби, бул китеп маселеге ушул көрсөтүлгөн жагынан туура киришүүгө үйрөтөт. Бул китеп болсо, мамлекет кандайча пайда болгон деген тарыхый очерктен башталат.
Маселен, капитализмдин пайда болушу жөнүндөгү, адамдардын арасында эксплуатациянын пайда болушу жөнүндөгү, социализм жөнүндөгү, социализмдин кантип пайда болгондугу, аны кандай шарттар туудургандыгы жөнүндөгү,— бул сыяктуу ар кандай маселеге туура киришүү үчүн, анын бүткүл өнүгүшүн бүт бойдон тарыхый жактан карап чыкканда гана, ар бир ушундай маселеге жакшылап, ишенгендик менен киришүүгө болот. Бул маселеде баарынан мурда мамлекеттин дайыма эле жашап келбегендигин эске алуу керек. Мамлекет болбогон да убакыт болгон. Мамлекет коомдун таптарга бөлүнүшү келип чыккан жерде жана бөлүнүшү келип чыккан кезде, эксплуататорлор жана эксплуатациялануучулар келип чыккан жерде жана келип чыккан кезде пайда болот.
Адамды адам эксплуатациялоонун биринчи формасы, таптарга — кул ээлөөчүлөргө жана кулдарга — бөлүнүүнүн биринчи формасы келип чыкканга чейин,— ошол убакка чейин патриархалдык, же — аны кээде аташкандай — кландык (клан — муун, уруу, ал убакта эл уруу-уруу болуп, муун-муун болуп жашаган) үй-бүлө жашап келген, жана ушул адепки убакыттардын издери адепки элдердин көбүнүн турмушунда жеткиликтүү түрдө анык болуп келген, ошондуктан эгерде сиздер адепки маданият жөнүндөгү кандай гана болсун чыгарманы алсаңыздар да, коомду кул ээлөөчүлөргө жана кулдарга бөлүү болбогон, адепки коммунизмге аздыр-көптүр окшош убакыттын болгондугу жөнүндөгү аздыр-көптүр анык жазууларга, көрсөтмөлөргө жана эстөөлөргө кездешесиздер. Мына ошондо мамлекет болгон эмес, зордук-зомбулукту дайыма колдонуу үчүн жана адамдарды зордук-зомбулукка баш ийдирүү үчүн атайы аппарат болгон эмес. Мына дал ушундай аппарат мамлекет деп аталат.
Адепки коомдо, адамдар өздөрүнүн өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычында туруп, жапайычылыкка жакын абалда болуп, кичинекей урууларга бөлүнүп жашаган кезде; азыркы замандагы цивилизациялуу адамзаттан бир канча миндеген жылдар мурдагы доордо, — ошол убакта мамлекеттин жашашын көрсөтүүчү белгилер али жок болгон. Биз адаттардын, авторитеттин, кадырдын, уруу аксакалдары пайдаланган бийликтин өкүм сүрүшүн көрөбүз, бул бийликтин кээде аялдарга да берилгендигин көрөбүз,— ал кезде аялдардын абалы азыркы укуксуз, эзилген абалга окшош эмес болучу,— бирок башкаларды башкаруу үчүн жана башкаруу таламдарын, максаттарын көздөп, мажбур кыла турган белгилүү аппаратты, зордук-зомбулук аппаратын системалуу түрдө, дайыма ээлөө үчүн бөлүнүп чыккан өзгөчө бир разряддагы адамдарды эч жерден көрө албайбыз, мажбур кылуу, зордук-зомбулук аппараты дегенибиз бул — азыркы убактагы мамлекеттин мазмуну болгон куралдуу аскер отряддары, тюрьмалар жана башканын эркин зордук-зомбулукка баш ийдирүүнүн дагы башка ыкмалары экендигин сиздер бардыгыңыздар түшүнөсүздөр.
Эгерде дин илимдери деп аталган нерселерден, жаман санаалуу айлалардан, философиялык ойдун системаларынан, буржуазиялык окумуштуулар курган ар түрдүү пикирлерден алыстап, иштин анык мазмунун нздей турган болсок, мамлекет дегенибиз адам баласынын коомунан бөлүнүп чыгарылган дал ушундай башкаруу аппараты экендигин көрөбүз. Башкаруу ишинде гана болгон жана башкаруу үчүн мажбур кылуунун, башканын эркин зордук-зомбулукка баш ийдирүүнүн өзгөчө бир аппаратына — түрмөлөргө, адамдардын бөтөнчө отряддарына, аскерлерге жана башкаларга — муктаж болгон бөтөнчө топтогу адамдар пайда болгондо, ошондо мамлекет пайда болот.
Бирок мамлекет болбогон убакыт да болгон, ал кезде жалпы байланыш, коомдун өзү, дисциплина жана эмгектин тартиби адаттын жана традициялардын күчүнө таянып турган, уруу аксакалдары пайдаланган авторитетке же кадырга таянып турган, ошол кезде көбүнчө эркектер менен тең укуктуу абалды гана ээлебестен, көп убакыттарда андан да жогорку абалды ээлеген аялдар пайдаланган авторитетке же кадырга таянып турган, жана да өзгөчө бир разряддагы башкаруучу адамдар — адистер болгон эмес. Адамдарды мажбур кылуунун өзгөче бир аппараты катарында мамлекет, коомдун таптарга бөлүнүшү — демек, бир бөлүгү башкалардын эмгегин дайыма ээлеп ала турган адамдардын топторуна бөлүнүшү, бирөөнү бирөө эксплуатациялай турган топторго бөлүнүшү пайда болгон жерде жана пайда болгон кезде гана пайда боло тургандыгын тарых көрсөтүп отурат.
Тарыхта коомдун таптарга мына ушул бөлүнүшү ар дайым биздин көз алдыбызда негизги факт катарында айкын-ачык турууга тийиш. Бири калбай бардык өлкөлөрдө бардык адам баласынын коомдорунун миң жылдар бою өнүгүшү бизге бул енүгүүнүн жалпы закон ченемдүүлүгүн, тууралыгын, ырааттуулугун көрсөтүп отурат, мында: адегенде тапсыз коом — аристократтары болбогон баштапкы патриархалдык коом, адепки коом болгон; андан кийин — кулчулукка негизделген, кул ээлөөчү коом болгон. Азыркы цивилизациялуу бүткүл Европа муну басып өткөн — мындан 2 миң жыл мурда кулчулук толук үстөмдүк кылып турган. Дүйнөнүн калган бөлүктөрүндөгү элдердин эң зор көпчүлүгү да муну басып өткөн. Эң начар өнүккөн элдерде кулчулуктун изи азыр да калган, кулчулуктун мекемелерин, мисалы, Африкадан сиздер азыр да табасыздар. Кул ээлөөчүлөр жана кулдар — таптарга биринчи жолу ири бөлүнүү болуп саналат. Биринчи топ бардык өндүрүш каражаттарын — жерди, жабдыктарды, бул жабдыктар ошол убакта канчалык начар жана жөнөкөй болсо да — гана ээлебестен, адамдарды ээлеген. Бул топ кул ээлөөчүлөр деп аталган ал эми эмгек кылып, башкаларга эмгегин бергендер болсо, кулдар деп аталган.
Бул форманын артынан тарыхта экинчи форма — крепостной укук чыкты. Көпчүлүк өлкөлөрдө кулчулук өзүнүн өнүгүшүндө крепостной укукка айланды. Коомдун негизги бөлүнүшү: крепостник-помещиктер жана крепостной дыйкандар болду. Адамдар арасындагы мамилелердин формасы өзгөрдү. Кул ээлөөчүлөр кулдарды өздөрүнүн менчиги деп эсептешкен, закон бул кез карашты чыңап, кулдарды бүт бойдон кул ээлөөчүлөрдүн колундагы буюм катарында караган. Крепостной дыйкандын таптык эзилиши, көз карандылыгы сакталып калган, бирок крепостник-помещик дыйканды буюм катарында ээлөөчү болуп эсептелген эмес, анын эмгегине жана белгилүү милдеттүү жумушту аткаруу үчүн аны мажбур кылууга гана акылуу болгон. Практикада крепостной укуктун, айрыкча Россияда, — ал мында эң узак убакка чейин сакталып, эң орой формада болгон эле — кулчулуктан эч айырмасы болбогондугун сиздер баарыңыздар билесиздер.
Андан ары, — соода өрчүп, бүткүл дүйнөлүк рыноктун пайда болушуна жараша, акча жүгүртүүнүн өрчүшүнө жараша, крепостной коомдо жаңы тап — капиталисттер табы пайда болду. Товардан, товарларды алмашуудан, акча бийлигинин келип чыгышынан капиталдын бийлиги келип чыкты. ⅩⅧ кылымдын ичинде, туурараак айтканда — ⅩⅧ кылымдын акырынан тартып, жана ⅩⅨ кылымдын ичинде бүткүл дүйнөдө революциялар болду. Крепостничество Батыш Европанын бардык өлкөлөрүндө жок кылынды. Бул Россияда баарынан кийин болду. 1861-жылы Россияда да төңкөрүш болуп, мунун натыйжасында коомдун бир формасы экинчи форма менен алмаштырылды — крепостничество капитализм менен алмаштырылды, мында таптарга бөлүнүү кала берди, крепостной укуктун ар түрдүү издери жана калдыктары да калды, бирок таптарга бөлүнүү негизинен башка формага өттү.
Капиталды ээлөөчүлөр, жерди ээлөөчүлөр, фабрикаларды жана заводдорду ээлөөчүлөр бардык капиталисттик мамлекеттерде калктын жокко эсе азчылыгы болуп келген жана болуп отурат, бул азчылык бүткүл элдик эмгекти бүтүндөй тескейт, демек, бүткүл эмгекчилер массасын өзүнүн карамагында, эксплуатациясында, эзүүсүндө кармайт, ал эми бул эмгекчилердин көпчүлүгү өндүрүштүк процессте өздөрүнүн жумушчу колун, жумушчу күчүн сатуудан гана жашоо үчүн каражат алуучу пролетарлар, жалданма жумушчулар болуп саналат. Крепостнойлук убакта эле бытыранды болгон жана эзилип жанчылган дыйкандардын бир бөлүгү (көпчүлүгү) капитализмге өтүү менен пролетарларга айланды, бир бөлүгү (азчылыгы) оокаттуу дыйкандарга айланды, бул оокаттуу дыйкандар өздөрү жумушчу жалдашып, деревнялык буржуазия болуп калды.
Бул негизги фактыны — коомдун кулчулуктун адепки формаларынан крепостничествого өтүшүн жана эң акырында, капитализмге өтүшүн — сиздер ар дайым көңүлгө алууга тийишсиздер, анткени бул негизги фактыны эске тушүргөндө гана, бардык саясий илимдерди бул негизги рамкага койгондо гана, сиздер бул илимдерге туура баа бере аласыздар жана булар эмнеге тиешелүү экендигин биле аласыздар, анткени адам баласынын та-рыхынын ушул ири доорлорунун — кул ээлөөчүлүк, крепостнойлук жана капиталисттик доорлордун — ар бири ондогон жана жүздөгөн кылымдарды өз ичине алат жана ошончолук көп саясий формаларды, ошончолук көп түрдөгү саясий илимдерди, пикирлерди, революцияларды берет, коомдун таптарга бул бөлүнүшүн, таптык үстөмдүктүн формаларынын бул өзгөрүшүн негизги жетекчилик жип катарында бек карманып, бардык коомдук маселелерди — экономикалык, саясий духтук, диний жана башка маселелерди мына ушул көз караш менен текшерген учурда гана, мына бул бүткүл өтө эле алабулалыкты жана эбегейсиз көп түрдүүлүктү — айрыкча буржуазиялык окумуштуулардын жана саясатчылардын саясий, философиялык жана башка илимдери менен байланышкан түрдүүлүктү — билүүгө мүмкүн.
Эгерде сиздер мына ушул негизги бөлүнүүнүн көз карашы жагынан мамлекетти карап көрсөңүздөр, мен жогору жакта айткандай, коом таптарга бөлүнгөнгө чейин мамлекеттин да болбогондугун көрөсүздөр. Бирок коомдун таптарга бөлүнүшү пайда болуп, чыңалышына жараша таптык коомдун пайда болушуна жараша мамлекет да пайда болот жана чыңалат. Адам баласынын тарыхында кулчулукту, крепостничествону жана капитализмди башынан өткөргөн жана азыр да өткөрүп жаткан ондогон жана жүздөгөн өлкөлөрдү көрөбүз. Булардын ар биринде болуп өткөн эң зор тарыхый алмашууларга карабастан, адам баласынын бул өнүгүшү менен, кулчулуктан крепостничество аркылуу капитализмге өтүү жана капитализмге каршы азыркы бүткүл дүйнөлүк күрөшкө өтүү менен байланыштуу бардык саясий өзгөрүүлөргө жана бардык революцияларга карабастан,— мамлекеттин пайда болушун сиздер ар дайым көрөсүздөр. Мамлекет дегенибиз ар дайым, коомдон бөлүнүп чыккан белгилүү аппарат болуп, жалаң гана же жалаң гана дээрлик, же көбүнчө башкаруу ишинде болгон адамдардын тобунан түзүлгөн. Адамдар башкарылуучуларга жана башкаруучу адистерге бөлүнөт да, бул адистер коомдун үстүндө туруп, алар башкаруучулар, мамлекеттин өкүлдөрү деп аталышат. Бул аппарат, башкаларды башкарып отурган адамдардын бул тобу, ар дайым мажбур кылуунун, физический күчтүн белгилүү аппаратын колго алып алышат — адамдарга көрсөтүлгөн бул зордук-зомбулук адепки чокморду колдонуу жолу менен жүргүзүлебү, же ал кулчулук доорундагыдай — бир кыйла өркүндөтүлгөн типтеги куралдын күчү менен болобу, же ал орто кылымда пайда болгон ок менен атуучу куралдын күчү менен болобу, же ал, эң акырында, ⅩⅩ кылымда техңикалык кереметтиктерге жетишкен жана азыркы замандагы техниканын акыркы жетишкендиктерине негизделген азыркы куралдын күчү менен болобу — баары бир. Зордук-зомбулуктун түрлөрү өзгөрүп турган, бирок мамлекет болгон кезде, ар бир коомдо башкаларды башкарган, командалык кылган, үстөмдүк кылган бир топ адамдар ар дайым жашап келген жана бийликти сактап туруу үчүн булардын колунда физический күч менен мажбур кылуунун аппараты, зордук-зомбулуктун аппараты жана ар бир доордун техникалык деңгелине жараша куралдары болгон. Мына бул жалпы кубулуштарга терең көз салуу менен, таптар жок кезде, эксплуататорлор жана эксплуатациялануучулар жок кезде, эмне үчүн мамлекет болгон эмес, жана ал мамлекет эмне үчүн таптар пайда болгон убакта пайда болду деген суроо берүү менен гана,— мына ушинтип гана биз мамлекеттин мазмуну жана анын мааниси жөнүндөгү суроого белгилүү жоопту табабыз.
Мамлекет — бул бир таптын экинчи тапка үстөмдүк кылышын сактай турган машина болуп саналат. Коомдо таптар жок кезде, адамдар жашоонун кулдук дооруна чейин көбүрөөк теңдиктин адепки шарттарында, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн эң төмөнкү шарттарында эмгек кылган кезде, адепки адамдар эң орой түрдөгү адепки турмушта жашоо үчүн зарыл болгон каражаттарды өзүнө эң кыйындык менен тапкан кезде, мына ошондо башкаруу үчүн атайы бөлүнгөн жана коомдун бардык калган бөлүгүнө үстемдүк кыла турган өзгөчө бир топ адамдар да пайда болгон эмес жана пайда болушу мумкүн да болгон эмес. Коомдун таптарга бөлунүшүнүн биринчи формасы пайда болгондо гана, кулчулук пайда болгондо гана, адамдардын белгилүү табы дыйканчылык эмгектин эң орой формаларына негизденип, анча-мынча артыкбаш азык өндүрүүгө мүмкүн болгондо гана, бул артыкбаш азык кулдардын өздөрүнүн жакыр турмушта жашашы үчүн абсолюттуу түрдө зарыл болбостон, кул ээлеринин колуна түшкөндө гана, мына ошентип, бул кул ээлөөчү таптык жашашы чыңалганда гана, жана анын чыңалышы үчүн мамлекеттин келип чыгышы зарыл болду.
Мына ошентип ал — кул ээлөечүлөр мамлекети,— кул ээлөөчүлөрдүн колуна бийлик берген, бардык кулдарды башкарууга мүмкүндүк берген аппарат пайда болот. Ал кезде коом да, мамлекет да, азыркыга караганда бир кыйла майдараак болгон, байланыш аппараты алда канча начарыраак болгон — ал убакта азыркы катташуу каражаттары болгон эмес. Тоолор, дарыялар жана деңиздер, азыркыга караганда, чексиз зор тоскоолдук кылышкан, ошондуктан мамлекеттин түзүлүшү да географиялык чектердин ичинде, өтө тар чектерде жүргөн. Техникалык жагынан начар мамлекеттик аппарат эң тар чектерге таралган жана аракетинин чөйрөсү да тар мамлекетти теплеп турган. Бирок, канткен менен да, кулдарды кулчулукта калууга мажбур кылган, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнүн мажбур кылышында, эзишинде кармап турган аппарат бар болгон. Коомдун көпчүлүк бөлүгүн экинчи бөлүгү үчүн дайыма иштөөгө мажбур кылуу иши мажбур кылуунун дайыма иштей турган аппараты болмоюнча мүмкүн эмес. Таптар болбогон убакта бул аппарат да болгон эмес. Таптар пайда болгондо, бул бөлүнүүнүн өсүшү жана чыңалышы менен бирге бардык жерде жана ар дайым өзгөчө бир институт да — мамлекет да пайда болгон. Мамлекеттин формалары өтө эле көп түркүн болгон. Кул ээлөөчүлүк убакытта ошол кездеги өтө алдыңкы катардагы, маданияттуу жана цивилизациялуу өлкөлөрдө, мисалы, бүт бойдон кулчулуктун негизинде курулган байыркы Греция менен Римде, биз мамлекеттин ар түрдүү формаларын көрөбүз. Ошондо эле монархия менен республиканын ортосунда, аристократия менен демократиянын ортосунда айырма пайда болгон. Монархия — бир адамдын бийлиги, республика — кандай болсо да шайланбаган бийликтин жоктугу; аристократия — анчалык чоң болбогон азчылыктын бийлиги, демократия — элдин бийлиги (демократия деген сөздү грек тилинен сөзмөсөз которгондо: элдин бийлиги деген сөз). Мына ушул айырмалардын бардыгы кулчулуктун доорунда пайда болду. Бул айырмаларга карабастан, кул ээлөөчүлүк доордун мамлекети кул ээлөөчүлөрдүн мамлекети болгон, бул монархия болгонбу, же аристократиялык, же демократиялык республика болгонбу — баары бир, кул ээлөөчүлөрдүн мамлекети болгон.
Байыркы убактардын тарыхынын ар бир курсунан, бул илим жөнүндө лекция укканда, сиздер монархиялык жана республикалык мамлекеттердин ортосундагы күрөш жөнүндө угасыздар, бирок негизгиси кулдардын адам катарында саналбагандыгы болгон; кулдар граждан болуп эсептелмек турсун, адам деп да эсептелген эмес. Римдин закону кулдарга буюм катарында караган. Адамдын өзүн коргоонун башка закондору жөнүндө айтпай эле коёлук, өлтүрүү жөнүндөгү закон да кулдарга тиешелүү болгон эмес. Ал закон, толук укуктуу граждан деп бирден-бир таанылган кул ээлөөчүлөрдү гана жактаган. Бирок монархия түзүлсө, бул кул ээлөөчүлүк монархия болгон, республика түзүлсө, бул кул элөөчүлүк республика болгон. Буларда бардык укуктардан кул ээлөөчүлөр пайдаланган, ал эми кулдар болсо, закон богонча буюм катарында болгон, ошондуктан аларга каалаганча зордук-зомбулук көрсөтүүгө да мүмкүн болгон, ал гана эмес, кулду өлтүрүү да кылмыш болуп эсептелген эмес. Кул ээлөөчүлүк республикалардын ички уюштурулушу жагынан гана айырмалары болгон: аристократиялык республикалар жана де-мократиялык республикалар болгон. Аристократиялык республикада шайлоого аз гана сандагы привилегиялуулар катышкан, демократиялык республикада — бардыгы катышкан, бирок мында да, бардык кул ээлөөчүлөр гана, кулдардан башкалардын бардыгы катышкан. Бул негизги абалды көңүлгө алуу керек, себеби бул мамлекет жөнүндөгү маселени баарынан көбүрөөк айкындайт жана мамлекеттин мазмунун ачык көрсөтүп берет.
Мамлекет бир тапты экинчи тап эзүү үчүн кызмат кыла турган машина, бир тапка баш ийген башка тап-тарды ошол тапка моюн сундуруп туруу үчүн кызмат кыла турган машина. Бул машинанын формасы ар түрдүү болот. Кул ээлөөчүлүк мамлекеттен биз монархияны, аристократиялык республиканы же, ал гана эмес, демократиялык республиканы да көрөбүз. Чындыгында башкаруунун формалары эң эле көп түркүн болгон, бирок иштин мазмуну ошол эле бойдон кала берген: кулдар эч кандай укукка ээ болбостон, эзилген тап болуп кала берген, аларды адам деп таанышкан эмес. Крепостнойлук мамлекетте да ушунун өзүн көрүп отурабыз.
Эксплуатациянын формасынын алмашылышы кул ээлөөчүлүк мамлекетти крепостнойлук мамлекетке айландырган. Мунун эң зор мааниси болгон. Кул ээлөөчүлүк коомдо — кул толук укуксуз болуп, ал адам ката- рында эсептелбеген; крепостнойлук коомдо — дыйкан жерге байланган. Крепостной укуктун негизги белгиси, дыйкандар (ал убакта дыйкандар көпчүлүк болгон, шаардык калк эң эле начар өнүккөн болучу) жерге бекитилген деп эсептелген, крепостной укук деген түшүнүктүн өзү да мына ушундан келип чыккан. Крепостной дыйкан өзүнө помещик берген участокто белгилуү гана бир нече күн өзү үчүн иштеп, андан башка күндөрдө барин үчүн иштеген. Таптык коомдун мазмуну сакталып кала берген: коом таптык эксплуатацияга негизделген. Помещиктер гана толук укуктуу боло алган, дыйкандар укуксуз болуп эсептелинген. Практикада дыйкандардын абалынын кул ээлөөчүлүк мамлекеттеги кулдардын абалынан айырмасы эң аз болгон. Бирок ошондой болсо да, алардын эркиндикке чыгышына, дыйкандардын эркиндикке чыгышына алда канча кеңири жол ачылган, анткени крепостной дыйкандар помещиктердин түздөн-түз менчиги болуп эсептелген эмес. Ал өзүнүн убагынын бир бөлүгүн өз участогунда өткөрө алган, мындайча айтканда, белгилүү даражада өзүнө караштуу боло алган, мына ошентип, айырбаштоонун, соодалык катнаштардын өрчүшүнө мүмкүндүк канчалык кеңири болгон сайын крепостной укук уламдан-улам бузулуп, дыйкандардын эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да уламдан-улам кеңее берди. Крепостной коом качан болсо да кул ээлөөчүлүк коомго караганда, татаалыраак болгон. Анда сооданын, өнөр жайларынын өнүгүшүнүн зор элементи болгон, бул болсо ошол убакта эле капитализмге алып барган. Орто кылымдар кезинде крепостной укук басымдуулук кылган. Мында да мамлекеттин формалары ар түрдүү болгон, мында да монархиянын да жана бир топ начар болсо да, республиканын да болгондугун көрөбүз, бирок ар дайым жалаң помещик-крепостниктер гана үстөмдүк кылуучулар деп таанылган. Крепостной дыйкандар бардык саясий укуктардан ажыратылып, бул жагынан таптакыр чыгарылып салынган эле.
Кулчулук убагында да, крепостной укук убагында да адамдардын азчылыгынын эң зор көпчүлүктүн үстүнөн жүргүзгөн үстөмдүгү мажбур кылуусуз боло албайт. Бүткүл тарых эзилген таптардын эзүүнү кулатууга багытталган тынымсыз аракеттери менен жык толгон. Кулчулуктун тарыхы, кулчулуктан эркиндикке чыгуу үчүн он-ондогон жылдарга созулган согушту билет. Айтмакчы, Германиянын коммунисттери — капитализмдин эзүүсүнө каршы чыныгы күрөшүп жаткан бирден-бир германдык партия — азыр өзүн «спартакчылар» деп атап отургандыгынын себеби, Спартак мындан эки миң жылдай мурда кулдардын эң ири кетөрүлүштөрүнүн бириндеги эң керүнүктүү баатырлардын бири болгон. Бүт эле кулчулукка негизделген, эң күчтүүдей көрүнгөн Рим империясы, Спартактын башчылыгы астында куралданып жана жыйналып, эң зор армияны түзгөн кулдардын эң зор кетөрүлүшүнөн бир нече жылдар бою сокку жеп, титиреп турду. Бул спартакчылар акырында кыйратылып, колго түшүп, кул ээлеөчүлөр тарабынан жазаланган. Таптык коомдун жашоо тарыхында мындан граждандык согуштар ар дайым болуп келген. Мен азыр кул ээлөө доорундагы мына ушундай граждандык согуштардын эң ирисин мисал кылып келтирдим. Крепостной укуктун бүткүл доору да, дал ушундай дыйкан-дардын дайым болуп турган көтөрүлүштөрү менен жык толгон. Мисалы, Германияда, орто кылымда эки таптын: помещиктер менен крепостнойлордун ортосундагы күрөш эң жогорку көлөмге жетип, дыйкандардын помещиктерге каршы жүргүзгөн граждандык согушуна айланган. Россияда да дыйкандардын крепостник-помещиктерге каршы жүргүзгөн мына ушундай толуп жаткан көтөрүлүштөрүн сиздердин бардыгыңыздар билесиздер.
Өзүнүн үстөмдүгүн колдон чыгарбоо үчүн, өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн помещик өзүнө өтө көп сандаган адамдарды баш ийдирип бириктире турган, ал адамдарды белгилүү закондорго, эрежелерге баш ийдире турган аппаратка ээ болууга тийиш эле,— ал эми бул закондордун бардыгы болсо, негизинен бир гана нерсеге — помещиктин крепостной дыйкандын үстүнөн болгон бийлигин сактап калууга келип такалуучу. Мына дал ушунун өзү крепостнойлук мамлекет болот; бул мамлекет, мисалы, Россияда, же Азиянын ушул убакка чейин крепостничество үстөмдүк кылып жаткан өтө эле артта калган өлкөлөрүндө,— ал формасы жагынан айырмаланып — же республикалык, же монархиялык түрдө болгон. Мамлекет монархиялык мамлекет болгон убакта — бир адамдын бийлиги таанылат; республикалык мамлекет болгон убакта — помещиктик коомдон шайлангандардын аздыр-көптүр катышуулары таанылат,— бул крепостнойлук коомдо болуп отурган иш. Крепостнойлук коомдо эң зор көпчүлүк — крепостной дыйкандар — жокко эсе азчылыкка — жерди ээлеген помещиктерге толук көз каранды болот, анда тап-тар мына ушул түрдө бөлүнгөн.
Сооданын өнүгүшү, товар алмашуунун өнүгүшү жаны таптын — капиталисттердин бөлүнүп чыгышына алып келди. Орто кылымдардын аягында, Американы ачкандан кийин дүйнөлүк соода өтө эле өнүккөн кезде, кымбат баалуу металлдардын саны көбөйгөн кезде, күмүш жана алтын алмашуунун куралы боло баштагая кезде, акча обороту эң көп байлыктарды бир колдо кармоого мүмкүндүк берген кезде капитал пайда болот. Күмүш менен алтынды бүткүл дүйнөдө байлык деп таанышат. Помещиктик таптын экономикалык күчтөрү төмөн түшөт, жана жаңы таптын — капиталдын өкүлдөрүнүн күчү өрчүйт. Мында коомдун кайра курулушу бардык граждандарды тең сыяктуу кылуучу, мурдагыдай кул ээлерине жана кулдарга бөлүнүүнү жоюучу, бүткүл элди закон алдында тең деп эсептөөчү, кимдин канча капиталы болушуна карабастан,— жеке менчик укугу негизинде ээлеп отурган жери барбы, же ал жалаң жумушчу колдору гана бар, жылаңаякпы — бардыгы закон алдында тең болгон сымак түрдө жүргүзүлдү. Закон баарысын бирдей коргойт, бирөөнүн менчиги болсо, ошол менчикти коргойт, аны менчиги жок болуп, эки колунан башка эч нерсеси жок болуп, акырындык менен жакырланып, бүлүнүп, пролетарга айланып жаткан массанын менчикке каршы кол салышынан коргойт. Капиталисттик коом мына ушундай болот.
Мен буга толук токтоло албаймын. Партиянын программасы жөнүндө аңгемелешкен кезде сиздер бул маселеге дагы кайрыласыздар,— сиздер капиталисттик коомго берилген мүнөздөмөнү ошондо угасыздар. Бул коом крепостничествого каршы, эски крепостной укукка каршы эркиндик урааны менен чыкты. Бирок бул эркиндик менчиги барлар үчүн болгон эркиндик эле. XVIII кылымдын акырында — XIX кылымдын башында — Россияда болсо, башка өлкөлөрдөн кечирээк, 1861-жылы — крепостной укук кыйратылган кезде, крепостнойлук мамлекеттин ордуна капиталисттик мамлекет келди, ал бүткүл элдик эркиндикти өзүнүн урааны кылып жарыялайт, бүткүл элдин эркин билдиремин деп айтат, өзүнүн таптык мамлекет экендигин танат, мына ушул жерде бүткүл элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн социалисттер менен капиталисттик мамлекеттин ортсунда күрөш өрчүйт, ал күрөш азыр Советтик социалисттик республиканы түзүүгө алып келди жана бүткүл дүйнөнү кучагына алууда.
Бүткүл дүйнөлүк капиталга каршы башталган күрөштү түшүнүү үчүн, капиталисттик мамлекеттин мазмунун түшүнүү үчүн, капиталисттик мамлекет крепостнойлук мамлекетке каршы чыкканда, эркиндик ураанын көтөрүп урушка киргендигин эстен чыгарбоо керек. Крепостной укуктун жоюлушу капиталисттик мамлекеттин өкүлдөрү үчүн эркиндик болуп саналган жана аларга кызмат кылып берген, анткени крепостной укук талкаланып, дыйкандар акы төлөө жолу менен сатып алган жерлерин, же оброктун бир бөлүгүн толук менчик катарында ээлөө мүмкүндүгүн алышты,— ал эми мамлекет менчиктин кандай жол менен пайда болгон-дугуна этибар кылбастан, аны коргоду, анткени анын өзү жеке менчикке негизделген болучу. Азыркы замандагы бардык цивилизациялуу мамлекеттерде дыйкандар жеке менчик ээлерине айланды. Мамлекет жеке менчикти коргоду жана помещик жеринин бир бөлүгүн дыйкандарга берген жерде акы төлөө аркылуу, акчага сатуу аркылуу аны ыраазы кылды. Мамлекет биз толук жеке менчикти сактап калабыз дегендей кылды, ошондуктан ага ар тараптан жардам берип жактап турду. Мамлекет ар бир купецтин, өнөр жайчынын жана фабриканттын бул менчиги бар, деп тааныды. Жеке менчикке, капиталдын бийлигине, колунда мүлкү жок бардык жумушчуларды жана дыйкандардын эмгекчи массаларын толук баш ийдирүүгө негизделген ушул коом,— мына ушул коом өзүн эркиндиктин негизинде үстөмдүк кылуучу коом деп жарыялады. Ал коом крепостной укукка каршы күрөшүп, менчикти эркин деп жарыялады жана мамлекет таптык болуудан калды деген болуп, айрыкча сыймыктанды.
Ал эми мында да мамлекет эң кедей дыйкандарды жана жумушчулар табын баш ийдирип туруу үчүн капиталисттерге жардам берген машина бойдон кала берди, бирок сырткы көрүнүшүндө ал эркин эле. Ал жалпы шайлоо укугун жарыялайт, өзүнүн тарапкерлери, үгүтчүлөрү, окумуштуулары жана философтору аркы- луу өзүн таптык эмес мамлекет деп билдирет. Бул мамлекетке каршы Советтик социалисттик республикалардын күрөшү башталган азыркы убакта да, алар бизди мына мындайча айыпташат: биз — эркиндикти бузуучулар имишпиз, биз мажбур кылууга жана бирөөлөр экинчи бирөөлөрдү басууга негизделген мамлекет куруп жатат имишпиз, ал эми алар болсо бүткүл элдик, демократиялык мамлекеттин көрүнүшү имиш. Мына ушул маселе — мамлекет жөнүндө маселе,— азыр, социалисттик революция бүткүл дүйнөдө башталган убакта, жана кээ бир өлкөлөрдө революция жеңишке ээ болуп отурган убакта, бүткүл дүйнөлүк капиталга каршы күрөш айрыкча курчуган кезде, мамлекет жөнүндөгү маселе эң чоң мааниге ээ болду, азыркы күндөгү бардык саясий маселелердин жана бардык саясий талаш-тартыштардын чечилиши зарыл болгон эң кыйын жана борбордук маселеси болуп калды, деп айтууга болот.
Россиядагы же цивилизациясы жогорураак ар кандай өлкөдөгү кайсы гана партияны алсак да,— саясий талаш-тартыштардын, келишпегендиктердин, пикирлердин баарысы тен дээрлик азыр мамлекет жөнүндөгү түшүнүктүн тегерегинде жүрүп жатат. Капиталисттик өлкөдө, демократиялык республикада,— айрыкча Швейцария же Америка сыяктуу республикаларда,— эң эркин демократиялык республикаларда мамлекет элдин эркинин көрүнүшу болобу, жалпы элдик чечимдин жыйындысы болобу, улуттук эрктин жана башкалардын көрүнүшү болобу,— же мамлекет андагы капиталиеттер жумушчу табы менен дыйкандардын үстүнөн болгон өздөрүнүн бийлигин сактап тура алсын үчүн керектүү машинабы? Бул — негизги маселе жана азыр бүткүл дүйнөдөгү саясий талаш-тартыштар мына ушул маселенин айланасында жүрүп жатат, Большевизм жөнүндө эмнелерди айтып жатышат? Буржуазиялык басма сөздөр большевиктерди жемелейт. Эл бийлигин бузуучулар деп, большевиктерге каршы айтылып жүргөн айыптоолорду кайталабаган бир дагы газетаны сиздер таппай-сыздар. Эгерде биздин меньшевиктер жана социалист- революционерлер: большевиктер эркиндикти жана эл бийлигин бузуучулар деген айыптоолорду таап алдык жана ойлоп чыгардык деп, ак көңүлдүүлүк менен эле (мүмкүн ак көңүлдүүлүк менен эмес же бул, мындай ак көнүлдүүлүк уурулуктан да жаман деп айтылып кеткен ак көңүлдүүлүк менен чыгар) ойлошсо, анда алар эң эле кулкүлүү түрдө адашышат. Азыркы убакта эң бай өлкөлөрдүн энбай газеталарынын, ондогон миллиондор сарп кылынып, таратылып жаткан жана буржуазиялык ушак менен империалисттик саясатты ондогон миллион нускалап жайып жаткан газеталардын ичинен большевизмге каршы ушул негизги шылтоолорду жана айыптарды кайталабаган бир дагы газета жок, аларг Америка, Англия жана Швейцария — эл бийлигине негизделген алдыңкы катардагы мамлекеттер, ал эми большевиктер республикасы болсо — каракчылардын мамлекети, ал эркиндикти билбейт, большевиктер эл бийлигинин идеясын бузуучулар, ал гана турсун, алар учредилканы кууп жиберүүгө чейин барышты дешет. Большевиктерге карата мындайча коркунучтуу айыптоолор бүткүл дүйнө жүзүндө кайталанып жатат. Бул айыптоолор бизди, мамлекет эмне? деген суроого бүт бойдон алып келет. Бул айыптоолорду түшүнүү үчүн, аларды текшерип чыгып, аларга толук эстүүлүк менен кароо үчүн, текшергенде да миш-миштер боюнча гана текшербестен, туруктуу пикирде болуп текшерүү үчүн, мамлекет деген эмне экендигин ачык түшүнүү керек. Биз бул жерде ар кандай капиталисттик мамлекеттерди жана буларды коргоо үчүн согушка чейин түзүлгөн бардык илимдерди көрүп отурабыз. Маселени чечүүгө туура киришүү үчүн бардык бул илимдерге жана көз караштарга сын көз менен кароо керек.
Мен сиздерге жардам иретинде Энгельстин «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» деген чыгармасын атап кеткен элем. Дал мына ушунда, жерге жана өндүрүш каражаттарына жеке менчик болгон, капитал үстөмдүк кылган ар бир мамлекет, канчалык демократиялык болбосун, ал капиталисттик мамлекет болот, ал жумушчу табьш жана эң кедей дыйкандарды баш ийдирип кармоо үчүн капиталисттердин колундагы машина болот, деп айтылат. Ал эми жалпы шайлоо укугу, Учредителдик чогулуш, парламент болсо,— булар тим гана форма, ишти эч канчалык өзгөртпөстөн өзунчө бир түрдөгү вексель болуп саналат.
Мамлекеттин үстөмдүк кылуу формасы ар түрдүү болушу мүмкүн: мамлекеттин үстөмдугүнүн бир формасы бар жерде капитал өзүнүн күчүн бир түрдө көрсөтөт, экинчи формасы бар жерде экинчи бир түрдө көрсөтөт, бирок иш жүзундө бийлик капиталдын колунда калат: ценздик же башка укук барбы, демократиялык республика барбы, баары бир, жана ал гана эмес, республика канчалык демократиялуу болсо капитализмдин бул үстөмдүгү ошончолук орой, ошончолук уятсыйытсыз болот. Дүйнөдөгү эң эле демократиялык республикалардын бири — Түндүк Америкалык Кошмо Штаттар — ал эми бүткүл коом үстүнөн капиталдын бийлиги бир ууч миллиардерлердин бийлиги эч бир жерде ушул өлкөдөгүдөй орой түрдө көрүнбөйт, ушул Америкадагыдай ачык сатып алуу жолун эч бир жерде колдонбойт (ал жерде 1905-жылдан кийин болгон адам, албетте, муну билсе керек). Капитал жашап турган соң, бүткүл коомдун үстүнөн үстөмдүк кылып турат, ошондуктан эч кандай демократиялык республика, эч кандай шайлоо укугу иштин мазмунун өзгөртпөйт.
Демократиялык республика жана жалпы шайлоо укугу крепостнойлук түзүлүшкө караганда өтө зор прогресс болду: алар пролетариатка азыркыдай биригүүгө, баш кошууга, капиталга каршы системалуу күрөш жүргүзүп жаткан туруктуу, дисциплиналуу катарларды түзүүгө мүмкүндүк берди. Кулдар жөнүндө айтпай эле коёлук, крепостной дыйкандарда да буга анча-мынча окшогон нерсе болгон эмес. Биз билип отургандай, кулдар көтөрүлүштөр чыгарып, бунттар жасап, граждандык согуштар ачып келишкен, бирок аң-сезимдүү көпчүлүктү, күрөшкө жетекчилик кылуучу партияларды эч качан түзө алышкан эмес, кайсы максатты карай бара жаткандыктарын ачык биле алышкан эмес жана кала берсе тарыхтын өтө революциячыл учурларында да ар дайым үстөмдүк кылуучу таптардын колундагы пешка болуп кала беришкен. Буржуазиялык республика, парламент, жалпы шайлоо укугү,— мына ушулардын бардыгы коомдун бүткүл дүйнөлүк өнүгүшү көз карашы жагынан алганда өтө зор прогресс болот. Адамзат капитализмди кездөй жүрүп отурду, ал эми эзилген пролетарлар табына өзүн сезип билүүгө жана бүткүл дүйнөлүк жумушчулар кыймылын түзүүгө, бүткүл дүйнөдө партияларга,— массалардын күрөшүнө эстүү түрдө жетекчилик кылган социалисттик партияларга уюмдашкан миллиондогон жумушчуларды түзүүгө мүмкүндуктү шаардык маданият аркасында капитализм гана берди. Парламентаризм болмоюнча, шайлоолор болмоюнча жумушчулар табынын бул өнүгүшу да мүмкүн болбос эле. Мына ушул себептен булардын бардыгы элдин өтө кеңири массаларынын көз алдында мына ушундай чоң мааниге ээ болду. Мына ушул себептен бурулуш мына ушундай кыйын болгонсуп көрүнөт. Мамлекет эркин жана бардык элдин таламын коргоо үчүн кызмат кылат деген буржуазиялык калпты биле туруп эки жүздүү болгондор, окумуштуулар жана поптор гана эмес, эски жөрөлгөлөрдү чын пейли менен кайталаган, эски капиталисттик коомдон социализмге өтүүнү түшүнө албаган толуп жаткан адамдар да колдоп жана жактап отурат. Буржуазияга тике көз каранды болгон адамдар гана эмес, капиталдын эзүүсүндө болгондор же ушул капиталга сатылгандар гана эмес (капиталдын кызматында толуп жаткан окумуштуулар, художниктер, поптор жана башкалар бар), жөн эле буржуазиялык эркиндиктин жөрөлгөлөрүнүн таасири астында калган адамдар да, мына ушулардын бардыгы тең бүткүл дүйнө боюнча большевизмге каршы тиштенип чыгышты, анткени Советтер республикасы куралган убакта бул буржуазиялык калпты четке ыргытып, сиздер өз мамлекетиңиздерди эркин мамлекет деп атайсыздар, ал эми чындыгында, жеке менчик жашап турган кезде, сиздердин мамлекет канчалык демократиялык республика болсо да, жумушчуларды басуу үчүн капиталисттердин колундагы машинадан башка эч нерсе эмес, жана мамлекет канчалык эркинирээк болсо, бул ошончолук анык көрүнөт, деп ачык айтты. Буга мисал — Европадагы Швейцария, Америкадагы Түндүк-Америкалык Кошмо Штаттар болуп эсептелет Капитал эч бир жерде дал мына ушул өлкөлөрдөгүдөй уят-сыйытсыздык жана ырайымсыздык менен үстөмдүк кылбайт, ошондуктан бул демократиялык республикалардын кандай гана кооздолуп боёмолонгодугуна карабастан, эмгек демократиясы жөнүндөгү, бардык граждандардын теңдиги жөнүндөгү эч кандай сөздөргө карабастан, бул үстөмдүк эч бир жерде дал ушул өлкөлөрдөгүдөй ачык көрүнбөйт. Иш жүзүндө Швейцарияда жана Америкада капитал үстөмдүк кылат, ошондуктан жумушчулардын ездөрүнүн абалын аздыр-көптүр олуттуу түрдө жакшыртууга жетишүү үчүн болгон ар кандай аракеттери токтоосуз эле граждандык согушка учурап калат. Бул өлкөлөрдө солдаттар, турактуу аскерлер азыраак,— Швейцарияда милиция бар, жана ар бир швейцариялыктын өз үйүндө мылтыгы болот, Америкада кийинки убакытка чейин турактуу аскерлер болгон жок,— ошондуктан стачка боло калса эле, буржуазия куралданып, солдаттарды жалдап стачканы басат, ал эми жумушчулар кыймылын басуу ишин эч бир жерде Швейцария менен Америкадагыдай ырайымсыз жырткычтык турдө жүргүзүлбөйт жана да капиталдын таасири эч бир парламентте дал ушул өлкөлөрдөгүдөй күчтүү эмес. Капиталдын күчү — бардыгын басат, биржа — бардыгын басат, ал эми парламент, шайлоолор болсо — булар марионеткалар, куурчактар болуп саналат… Бирок, арыраак барган сайын жумушчулардын көзү ошончолук көбүрөөк ачылып, Совет бийлигинин идеясы, айрыкча биз башыбыздан жаңы эле өткөргөн кандуу согуштан кийин, ошончолук кеңири таралып жатат. Капиталисттерге каршы ырайымсыз түрдө күрөшүүнүн зарылдыгы жумушчу табы үчүн улам барган сайын ачыгыраак болуп жатат.
Республика кандай гана формаларга далдаланып жашырынган болсо да, мейли ал эң демократиялык республика болсо да, бирок эгерде ал буржуазиялык болсо, эгерде анда жерге, заводдорго жана фабрикаларга жеке менчик бар болсо жана да жеке капитал бүткүл коомду жалданма кулчулукта кармап турган болсо, башкача айтканда, эгерде анда биздин партиянын программасы жана Советтик конституция баяндаган иштер орундалбай жаткан болсо, анда бул мамлекет — бирөөлөрдү башка бирөөлөр эзиши үчүн кызмат кыла турган машина болуп саналат. Мына ушул машинаны биз капиталды кулатууга тийиш болгон таптын колуна алабыз. Мамлекет дегенибиз — жалпыга бирдей теңдик болот деген эски жөрөлгөлөрдүн бардыгын ыргытып таштайбыз, анткени бул — алдоочулук болот: азырынча эксплуатация болуп турган кезде теңдик болушу мүмкүн эмес. Помещиктин жумушчуга, ачтын — токко тен болушу мүмкүн эмес. Мамлекет деп аталган машинаны, адамдар бул жалпы элдик бийлик болот деген эски жомокторго ишенип, аны ырым-жырымга сыйынгандай сыйлап, ага жүгүнгөн машинаны — мына ушул машинаны пролетариат ыргытып таштайт да: бул, буржуазиялык калп, дейт. Биз бул машинаны капиталисттерден тартып алдык, аны өз колубузга алдык. Бул машина менен же бул чокмор менен биз ар кандай эксплуатацияны талкалайбыз, ошондуктан жер жүзүндө эксплуатациялоого мүмкүндүк калбаган кезде, жер ээлөөчүлөр, фабрика ээлөөчүлөр калбаган кезде бирөөлөр ток болуп, бирөөлөр ачка болуу жоюлган кезде,— мына ушуларга мүмкүндүк калбаган кезде гана, бизге бул машинанын кереги жок болот. Мына ошол кезде мамлекет болбойт, эксплуатация болбойт. Биздин коммунисттик партиябыздын көз карашы мына ушул. Бул маселеге келечек лекцияларда дагы бир канча жолу кайрылабыз деп ишенемин.
Чыгармалар, кыргызча басылышы, 29-том, 527—547- беттер.
1919-жылы 11-июлда Свердлов университетинде окулган лекция