Марксизмдин үч булагы жана составдык үч бөлүгү

Маркстин илими бүткүл цивилизациялуу дүйнөдө өзүнө каршы бүткүл буржуазиялык (казналык да, либералдык да) илимдин өтө зор душмандыгын жана көрө албастыгын туудуруп жатат, бул буржуазиялык илим марксизмди «зыяндуу сектага» окшогон нерсе деп эсептейт. Андан башкача мамилени күтүүге да болбойт, анткени тап күрөшүнүн негизинде курулган коомдо «эч кимге жан тартпаган» социалдык илимдин болушу мүмкүн эмес. Кандай гана болбосун, бирок бүткүл казналык жана либералдык илим жалданма кулчулукту жактайт, ал эми марксизм болсо бул кулчулукка ырайымсыз согуш жарыялады. Жалданма кулчулуктун коомунда эч кимге жан тартпаган илимди күтүү — капиталдын пайдасын азайтып, жумушчуларга акыны көбөйтүү керек эмеспи деген маселеде фабриканттардын калыстыгын күткөн сыяктуу эле эси жок аңкоолук болот.

Бирок бул аз. Дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнүн даңгыр жолунан четте пайда болгон кандайдыр бир түнт, сенейген илим маанисиндеги «сектантчылыкка» окшогон нерсе марксизмде таптакыр жок экендигин философиянын тарыхы жана социалдык илимдин тарыхы толук айкындык менен көрсөтүп отурат. Тескерисинче Маркстин бүткүл гениалдуулугу дал мына мында: Маркс адамзаттын алдыңкы катардагы ой-пикирлери тарабынан эбак эле коюлган суроолорго жооп берди. Анын илими философиянын, саясий экономиянын жана социализмдин эң улуу өкүлдөрүнүн илиминин тикедентике жана түздөн-түз уландысы катарында пайда болду.

Маркстин илими бардык жагынан күчтүү, анткени ал эң туура илим. Ал илим — адамдарга эч кандай ырым-жырым менен, эч кандай реакция менен, буржуазиялык эзүүнү жактоонун эч кандайы менен келишпей турган дүйнөгө бүтүндөй келки көз карашты берүүчү толук жана сымбаттуу илим. Ал илим — немецтик философия, англиялык саясий экономия, француздук социализм түрүндө адамзат XIX кылымда түзгөн эң жакшы нерсенин закондуу мурасчысы болуп саналат.

Марксизмдин бул үч булагына жана ошону менен бирге составдык бөлүгүнө биз кыскача токтолуп өтөбүз.

I

Марксизмдин философиясы — материализм. Европанын бүткүл эң жаңы тарыхынын мезгили ичинде, асыресе XVIII кылымдын аягында, орто кылымдык ар түрдүү таштандыларга каршы, мекемелердеги жана идеялардагы крепостничествого каршы чечкиндүү салгылашуу күчөгөн Францияда материализм табият илимдеринин бардык окууларына таянган жана ырымжырымдарга, сопусунуучулукка жана ошол сыяктууларга душман болгон бирден-бир изден тайбас философия болуп чыкты. Ошондуктан демократиянын душмандары бардык күчтөрү менен материализмди «төгүндөөгө», бүлдүрүүгө, ага жала жабууга тырышышкан жана канткенде да динди жактоого же колдоого ар дайым альга баруучу философиялык идеализмдин ар түрдүү формаларын жакташкан.

Маркс менен Энгельс философиялык материализмди эң чечкиндүү түрдө жакташкан жана бул негизден ар кандай баш тартуучулук терең ката экендигин бир нече жолу түшүндүрүшкөн. Алардын көз караштары Энгельстин: «Людвиг Фейербах» жана «Дюрингди төгүндөө» деген чыгармаларында өтө ачык жана толук баяндалган, бул чыгармалар — «Коммунисттик Манифест» сыяктуу — ар бир аң-сезимдүү жумушчунун колунан түшпөс китеби болуп саналат.

Бирок Маркс XVIII кылымдын материализмине токтолуп калбастан, философияны алга карай илгерилеткен. Ал аны немецтик классикалык философиянын тапкандары менен, өзгөчө, өз кезегинде Фейербахтын материализмине алып келген Гегелдин системасынын тапкандары менен байытты. Бул табылгалардын эң башкысы — диалектика, башкача айтканда өнүгүү жөнүндөгү илим, эң толук, эң терең жана бир жактуулуктан эң эркин түрдөгү өнүгүү жөнүндөгү илим, бизге түбөлүк өнүгүүчү материянын чагылышын бере турган адам баласынын билиминин салыштырмалуу экендиги жөнүндөгү илим. Табият илиминин эң жаңы ачылыштары — радий, электрондор, элементтердин өзгөрүштөрү — эски жана чирик идеализмге «жаңыдан» кайра кайтып отурган буржуазиялык философтордун илимдерине каршы, Маркстин диалектикалык материализмин эң сонун ырастады.

Философиялык материализмди тереңдетип жана өнүктүрүп, Маркс аны акыр-аягына чейин жеткирди, анын жаратылышты таанып-билишин адамзат коомун таанып-билүүгө жайылтты. Маркстин тарыхый материализми илимий акыл-ойдун эң зор жеңиши болду. Тарыхка жана саясатка болгон көз караштарды бул убакка чейин өкүм сүрүп келген будуң-чаңдык жана негизсиздик эң сонун келки жана сымбаттуу илимдик теория менен алмашылды, өндүргүч күчтөрүнүн өсүшүнүн натыйжасында коомдук турмуштун бир укладынан экинчи уклады, алда канчалык жогору турган уклады өнүгүп чыга тургандыгын,— мисалы, крепостничестводон капитализм өсүп чыга тургандыгын көрсөтүүчү теория менен алмашылды.

Адамдын таанып-билиши ага көз каранды болбой жашап турган жаратылышты, башкача айтканда өнүгүп турган материяны чагылтып көрсөткөндөй, адамдын коомдук таанып-билшии да (башкача айтканда ар түрдүү философиялык, диний, саясий жана ушул сыяктуу көз караштар жана илимдер) коомдун экономикалык түзүлүшүн чагылтып көрсөтөт. Саясий мекемелер экономикалык негиздин үстүндөгү надстройка болуп саналат. Биз, мисалы, европалык азыркы мамлекеттердин ар түрдүү саясий формалары буржуазиянын пролетариаттын үстүнөн болгон үстөмдүгүн чыңдоо үчүн кызмат кылып жаткандыгын көрүп отурабыз.

Маркстин философиясы адамзатка, асыресе жумушчу табына таанып-билүүнүн улуу куралдарын берген толук жетилген философиялык материализм болуп саналат.

II

Маркс, экономикалык түзүлүштү саясий надстройканьн көтөрүлө турган негизи болот, деп таанып, бул экономикалык түзүлүштү изилдөөгө баарынан көп көңүл бурган. Маркстин башкы эмгеги болгон «Капитал» азыркы коомдун, башкача айтканда капиталисттик коомдун экономикалык түзүлүшүн изилдөөгө арналган.

Маркске чейинки классикалык саясий экономия өтө өнүккөн капиталисттик өлкөдө — Англияда түзүлдү. Адам Смит менен Давид Рикардо экономикалык түзүлүштү изилдеп, нарктын эмгектик теориясына негиз салышты. Маркс алардын ишин улантты. Ал бул теорияны катуу негиздеди жана ырааттуу түрдө өнүктүрдү. Ал ар кандай товардын наркы, товарды өндүрүүгө жумшалуучу коомдук-зарыл жумуш убагынын көлөмү менен белгилене тургандыгын көрсөттү.

Буржуазиялык экономисттер буюмдардын мамилелерин (товарды товарга алмаштырууну) көргөн жерде, Маркс адамдардын ортосундагы мамилелерди ачты. Товарлардын алмашылып турушу айрым өндүрүүчүлөрдүн ортосунда рынок аркылуу болгон байланышты көрсөтөт. Акча — айрым өндүрүүчүлөрдүн бүткүл чарба турмушун бир бүтүн нерсеге ажырагыс түрдө бириктирип, бул байланыштын барган сайын тыгызыраак болуп бара жаткандыгын көрсөтөт. Капитал — бул байланыштын андан аркы өнүгүшүн көрсөтөт: адамдын жумушчу күчү товарга айланат. Жалданма жумушчу өзүнүн жумушчу күчүн жердин, фабрикалардын, эмгек куралдарынын ээлерине сатат. Жумушчу, жумушчу күндүн бир бөлүгүн өзүн жана өзүнүн үйбүлөсүн багуу үчүн болгон расходдорду жабууга жумшайт (кызмат акысы), ал эми жумушчу күндүн калган бөлүгүндө болсо жумушчу бекер эмгек кылып, капиталист үчүн кошумча нарк, капиталисттер табынын пайдасынын булагын, байлыгынын булагын түзөт.

Кошумча нарк жөнүндөгү илим — Маркстин экономикалык теориясынын негизги өзөгү болот.

Жумушчунун эмгеги менен түзүлгөн капитал, майда кожоюндарды бүлүндүрүп жана жумушсуздардын армиясын түзүп, жумушчуну басып жанчат. Өнөр жайларда ири өндүрүштүн жеңиши дароо эле көрүнүп турат, бирок дыйканчылыкта да биз ошондой эле көрүнүштү байкайбыз: ири капиталисттик дыйканчылыктын артыкчылыгы арта баштайт, машиналарды колдонуу өсөт, дыйкан чарбасы акча капиталынын сыйыртмагына түшүп, артта калган техниканын эзүүсү астында төмөндөйт жана бүлүнөт. Дыйканчылыкта — майда өндүрүштүн төмөндөшүнүн формалары башкача болот, бирок анын төмөндөшүнүн өзү талашсыз факт болуп эсептелет.

Капитал, майда өндүрүштү бүлүндүрүп отуруп, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн көбөйүшүнө жана эң ири капиталисттер союздарынын монополиялык абалдарынын түзүлүшүнө алып барат. Өндүрүштүн өзү барган сайын көбүрөөк коомдук боло баштайт,— жүз миңдеген жана миллиондогон жумушчулар план ченемдүү чарбалык организмге байланышат,— ал эми жалпы эмгек продуктысын болсо, бир ууч гана капиталисттер ээлеп алышат. Өндүрүштүк анархия, кризистер, жанталашып рыноктун артынан түшүү, калктын массасы үчүн жашоонун камсыз кылынбагандыгы өсөт.

Капиталисттик түзүлүш, капиталга жумушчулардын көз каранды болушун көбөйтүп, бириккен эмгектин зор кубатын түзөт.

Маркс товар чарбасынын алгачкы башталышынан тартып, жөнөкөй алмашуудан тартып, капитализмдин жогорку формаларына чейин, ири өндүрүшкө чейин анын өнүгүшүн изилдеп чыккан.

Бардык, жаңы да, эски да, капиталисттик өлкөлөрдүн тажрыйбасы Маркстин бул илиминин тууралыгын жыл сайын улам көбүрөөк сандагы жумушчуларга дааналап көрсөтүп келе жатат.

Капитализм бүткүл дүйнөдө жеңди, бирок бул жеңиш — эмгектин капиталды жеңишинин босогосу гана болот.

III

Крепостничество кулатылып, жарык дүйнөгө капиталисттик «эркин» коом келип чыккан кезде,— бул эркиндиктин эмгекчилерди эзүүнүн жана эксплуатациялоонун жаңы системасы экендиги дароо эле көрүндү. Бул эзүүнүн чагылтылып көрсөтулүшү катарында жана ага каршы билдирилген нааразылык катарында социалисттик ар түрдүү илимдер токтоосуз пайда боло баштады. Бирок алгачкы социализм — утопиялык социализм эле. Ал капиталисттик коомду сынга алды, айыптады, аны каргады, аны жок кылуу жөнүндө ой жүгүрттү, эң жакшы түзүлүш жөнүндө кыялга батты, эксплуатация адамкерчиликсиз экендигине байларды ишендирүүгө аракеттенди.

Бирок утопиялык социализм чыныгы кутулуу жолун көрсөтө алган жок. Капитализмдин тушундагы жалданма кулчулуктун маңызын түшүндүрүү да, анын өнүгүшүнүн закондорун ачуу да, жаңы коомду курууга жөндөмдүү боло ала турган коомдук күчтү табуу да анын колунан келе алган жок.

Ал эми Европанын бардык жеринде жана асыресе Францияда феодализмди, крепостничествону кулаткан дүркүрөгөн революциялар бүткүл өнүгүүнүн негизи жана анын кыймылдатуучу күчү таптардын күрөшү экендигин улам ачык көрсөтүп жатты.

Саясий эркиндиктин крепостниктер табынын үстүнөн жеңишке ээ болушунун бирөө да эң катуу каршылык көрсөтүүгө учурабастан жетишилген эмес. Капиталисттик өлкөлөрдүн бирөө да капиталисттик коомдун ар түрдүү таптарынын ортосунда өмүр же өлүм үчүн болгон күрөшсүз, аздыр-көптүр эркин, демократиялык негизде курулган эмес.

Маркстин гениалдуулугу — ал мындан бүткүл дүйнөлүк тарых үйрөтүп жаткан корутундуну баарыдан мурда жасап жана аны ырааттуулук менен өткөрө алгандыгында. Бул корутунду — тап күрөшү жөнүндөгү илим.

Адамдар ар бир нравалык, диний, саясий, социалдык фразалардын, билдирүүлөрдүн, убадалардын далдасында тигил же бул таптардын таламдары бар экендигин таап билүүнү үйрөнмөйүнчө, саясаттагы алдамчылыктын жана өзүн-өзү алдоочулуктун ар дайым аңкоо курмандары болушкан жана ар дайым ошондой болуп кала беришет. Реформаны жана жакшыртууларды жактоочулар, ар кандай эски мекеме, ал канчалык жапайы жана чирик болуп көрүнсө да, үстөмдүк кылып туруучу тигил же бул таптын күчтөрүнө сүйөнүп тургандыгын түшүнмөйүнчө, аларды эскини жактоочулар ар качан акмак кыла беришмек. Ал эми бул таптардын каршылыгын кыйратуу үчүн бир гана чара бар: ал чара эскини шыпырып салып, жаңыны түзүүгө жөндөмдүү болгон — жана өзүнүн коомдук абалы боюнча мындай күчтү түзүүгө тийиш болгон — күчтөрдү бизди курчап турган коомдун да өзүнөн табуу, аларга билим берүү жана күрөш үчүн уюштуруу болот.

Маркстин философиялык материализми гана пролетариатка эзилген таптардын бардыгы ушул күнгө чейин тумчугуп келген духтук кулчулуктан кутулуу жолун көрсөттү. Маркстин экономикалык теориясы гана капитализмдин жалпы түзүлүшүндөгү пролетариаттын чыныгы абалын түшүндүрдү.

Бүткүл дүйнөдө, Америкадан тартып Японияга чейин жана Швециядан тартып Түштүк Африкага чейин, пролетариаттын өз алдынча уюмдары көбөйүп бара жатат. Пролетариат, өзүнүн тап күрөшүн жүргүзө отуруп, билим алып жана тарбияланып жатат, буржуазиялык коомдун жөрөлгөлөрүнөн кутулуп, улам тыгызыраак баш кошуп жана өз ийгиликтеринин өлчөмүн өлчөөнү үйрөнүп, өз күчтөрүн такшалтып жана ээ-жаа бербей өсүп бара жатат.

«Просвещение» (1913, № 3)

Март 1913